Төкмө акындардын “Ак таңдай – 2015” айтышы

aytysh1

2015-жыдын 6-июнь күнү Баткен облусунун Лейлек районунда Эл аралык “Диалог Евразия” платформасы, КРнын өкүмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Төкмө акындардын “Ак Таңдай” чыгармачыл бирикмеси биргеликте төкмө акындардын “Ак таңдай – 2015” айтышын уюштурушту. Айтыштын демөөрчүлөрү “Толман” курулуш компаниясынын башкы директору Нурлан Акимов жана белгилүү коомдук ишмер Икрамжан Илмияновдор болушту. Ал эми маалыматтык колдоо көрсөткөндөр ЭлТР коомдук телерадио корпорациясы жана Эл аралык “ДА” журналы болушту. Айтыш Баткен облусунун 15 жылдык марекесине арналды.

aytysh2

Төкмө акындардын бул жолку айтышы табияты кооз тоо койнунда, ачык асман алдында, көк бетегенин үстүндө, Төө жайлоодо өттү. Табияты көз жоосун алган Төө жайлоо Лейлек районунун Исфана шаарчасынан болжолдуу 15 чакырым алыстыкта тоо койнунда жайгашкан. Асман тиреген зоосунда аркар-кийик оюн салып оттогон, тоо бетиндеги арча-кайыңы өзгөчө көрк кошкон, абасы таза, түркүн гүлдөр жайнаган Төө жайлоодо таңдайынан чаң чыккан төкмө акындар ачык асман алдында абазы тоого жаңырып, өзгөчө толкуп да, төгүлүп да алышты. Республиканын бардык аймактарынан жалпы отуз акын катышты. Биринчи айлампада алардын 16сы, экинчи айлампада 8и тандалып финалга жолдомо алышты. Ак таңдай акындардын арасынан Рахматулла Козукеев (3-орун, 50 миң сом), Азамат Болгонбаев (1-орун, 100 миң сом), Болот Назаров (2-орун, 70 миң сом), Идирис Атибаевдер (Баш байге, 150 миң сом) финалга суурулуп чыгышып, байгелерди багындырышты. Айтышка катышкан бардык акындарга 4 000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Элибиз өнөр сыйлаган, жан дүйнөсүн өнөр менен баккан эл эмеспи. Ак таңдай акындардын өнөрүнө баалап Төө жайлоого болжолдуу беш миңден ашуун калк топтолду. Алардын арасында белгилүү коомдук, маданий ишмерлер да болушту.

aytysh3

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, мындан сегиз ай мурун, Тоо булбулу Токтогул атабыздын 150 жылдык марекесинде “Диалог Евразия” платформасынын президенти Улукбек Болушов жалпы журтчулукка алыскы Баткен жергесинде республикалык деңгээлде төкмө акындардын айтышын уюштуруну жар салган эле. Бул жарыяны биринчилерден болуп “Толман” курулуш компаниясынын башкы директору Нурлан Акимов колдоп чыккан болчу.

Айтышка катышкан коноктор жана акындар Лейлек районун гүл аңкыган кооз жайлоолорун үч күн кыдырышып, сыйлуу конок болушту. Конокторго Баткен облусунун губернатору Жениш Разаков, Лейлек районунун акими Тилебалды Арипов, орун басары Марипат Ташполотова ж. б. сый көрсөтүшүп, чогуу болушту.

Leave a Comment