Биз тууралуу

“ДИАЛОГ ЕВРАЗИЯ” ПЛАТФОРМАСЫ КАНТИП ТҮЗҮЛГӨН?

Евразиянын ортоңку бөлүгү, дүйнөлүк тарыхтын калыптанышында маанилүү роль ойноп кела жатат жана ошондой эле көптөгөн цивилизациялардын, маданияттардын бешиги болуп саналат. Карама-каршы блоктор урагандан кийин, дүйнөнүн калыптанышында, Евразиянын ролу жана анын дүйнөдөгү кубулуштарга болгон таасири жыл сайын артмакчы.

Ушул себепке байланыштуу, Евразия өлкөлөрүнүн жана элдери ортосундагы диалогду өнүктүрүү үчүн, алардын интеллигенттерин бириктирип, бир коломтого алып келүүчү жарандык-коомдук уюмдарды түзүү зарылчылыгы бар эле.

Дал ушул демилге менен, 1998-жылы аяк оона айында Стамбулда өткөрүлгөн Евразия жазуучулар жана журналисттер ассоциациясынын жолугушуусунда, улуттар арасы, коммерциялык эмес, ыктыярдуу уюм “Диалог Евразия” платформасын (ПДЕ) куруу пикири жаралган.

Буга чейин өз маанилүүлүгүн жоготуп бараткан диалог көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирүү жана достук маанайдагы байланыштардын пайдубалын бекемдөө сыяктуу, айкөл максаттарды көздөгөн “Диалог Евразия” платформасынын эмгегинин биринчи үзүрү- ДА журналы / “Диалог Евразия” жарык көрдү.

“Диалог Евразия” платформасы, “ДА” журналы жана ДА басма үйү диалогдун өнүгүүсүндөгү биринчи кадам болуп, Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн жалпы жашоо кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгы, бизге маданий, илимий, идеялык жана коомдук жактан өлкөлөрүбүздүн байланыш очогу болгонун эскертип турат.

“ДИАЛОГ ЕВРАЗИЯ” ПЛАТФОРМАСЫ: ДИАЛОГ ТҮЗҮҮГӨ НЕГИЗ

Эмне үчүн диалог?

Диалогдун жок болушу же анын жеткиликтүү өнүкпөгөндүгү, бүгүн жана эртең көптөгөн олуттуу маселелерди пайда кылат. Глобализациянын өнүгүүсү менен заман тардыгы тенденциясы ортого чыгып, диалогдун жетишпестигинен же таптакыр жоктугунан түрдүү маселелер жана көйгөйлөр пайда болду. Бул өз учурунда, дүйнө бейпилчилигине коркунуч туудурат. Ошондуктан диалогду өнуктүрүү чаралары абдан маанилүү.

Эмне үчүн Евразия?

Евразия – Европа менен Азиянын бириктирген кенен түшүнүк. “Диалог Евразиянын” долбоорундагы биринчи кадамды, биз, түрк жана орус тилдүү аймакта, Евразиянын ортосунда жасадык.

Анткени,

Европа жана Азияны бир бүтүн кылып бириктирүү, эки материк арасындагы байланыштын өнүгүүсүнө өбөлгө боло алат. Бул материктин тарыхында кандуу согуштар болгондой эле, тынчтык да өкүм сүргөн. Ал кээде башынан далай кыйынчылык-азаптарды өткөргөн болсо, кээде кубаныч жана бейпилдикке кумары канган учурлары да болгон. Нечендеген көсөм жол башчылар, бул сырдуу жердин аймактардын байлыктарын тартып алууну көздөшкөн. Тарых аренасында, бул кереметтүү материкте зордук зомбулук менен жалган чек араларды жаратып, анын бүтүндүгүн бөлүп жарганды көздөгөн реформаторлор да болгон.

Диалог Евразия” платформасынын максаты:

– Евразия калктарынын ортосунда диалогду орнотуу, тынчтык жана түшүнүүчүлүк менен өмүр сүрүүлөрүнө өбөлгө түзүү.

– Евразия өлкөлөрүндөгү элдердин жана маданияттардын арасындагы диалогду өнүктүрүү.

– Улуттук интеллигенттердин арасында жолугушууларды, съезддерди, конференцияларды,

семинарларды, кеңешмелерди уюштуруу.

Аймак:

Азербайжан, Беларусия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Молдова, Монголия, Өзбекстан, Орусия Федерациясы, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Эстония.

Жогоруда саналган өлкөлөрдө, платформа көрүнүктүү ишмерлерден турган Улуттук комитет менен башкарылып турат. Платформа Башкы кеңсе тарабынан башкарылат. Башкы кеңсеге убактылуу башкаруу төрагасы белгиленет.

“ДА” – евразиялык интеллигенттердин визиттик карточкасы, – дейт Чыңгыз Айтматов (“ДА” платформасынын Түзүүчүлөр төрагасы, ДА платформасынын 1998-2002-жж. Ардактуу төрагасы)

1. “Диалог Евразия” Платформасынын ардактуу төрагасы – Анар (Азербайжан жазуучулар бирикмеси, Азербайжан, 2002-2004);

2. “Диалог Евразия” Платформасынын ардактуу төрагасы – Илбер Ортайлы (Топкапы тарыхый музейинин мүдүрү – Түркия, 2002-2004);

3. “Диалог Евразия” Платформасынын ардактуу төрагасы – профессор Ростислав Рыбаков (ОФ Илимдер академиясынын Чыгышизилдөө институту – Орусия, 2006-2008);

4. “Диалог Евразия” Платформасынын ардактуу төрагасы – Нурлан Орозалин, (Жазуучулар уюмунун төрагасы, жазуучу- Казакстан, 2008-2010);

5. “Диалог Евразия” Платформасынын азыркы учурдагы төрагасы – Владимир Сергийчук, (Тарас Шевченко атындагы Киев мамлекеттик университетинин ректору, Украина)

“Диалог Евразия” Платформасынын Кыргызстандагы өкүлү – Жакшылык Борочоров.

Leave a Comment