Кыргызстандагы илимдин абалы кандай?

da1

“Диалог Евразия” платформасынын “Диалог Аянтчасы” долбоорунун алкагында 11-ноябрда илим күнүнө карата “Кыргызстандагы илимдин абалы?” аттуу тегерек стол өттү. Анын катышуучулары:

  1. Асан Ормушев, ДАП Кыргыз Улуттук кеңешинин төрагасы, тарых илимдеринин доктору
  2. Абдылдажан Акматалиев, КР Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, академик
  3. Абдырахман Мавлянов, КР Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, техника илимдеринин доктору
  4. Абубакир Жураев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнун башчысы
  5. Батма Кошбакова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жаш окумуштуулар кеӊешинин жетекчиси, социология илимдеринин кандидаты
  6. Роза Акназарова, КР ЖК депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасынын орун басары
  7. Санжар Кудайбердиев, АКШда (National Institute ofBiotechnology and Information) иштеген жаш илимпоз, Ph.D
  8. Уланбек Мамбетакунов, Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясынын кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору
  9. Үмүт Асанова, Кыргыз -Түрк “Манас” Университетинин профессору, философия илимдеринин доктору

Тегерек столдун стенограммасы:

Модератор Асан Ормушев: Саламатсыздарбы урматтуу тегерек столдун катышуучулары. Талкулоочу темабыз алдын ала белгилүү болгондой Кыргызстанбызда илимдин абалы кандай болду экен? Кандай кылганда жакшыртабыз?  деген маселени коюп баштасак. Анда эмесе, сөздү биринчилерден болуп, ЖК депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары Роза эжекебизге берсек деп турабыз. Азыркы күндө илимдин абалы кандай, кеичиликтер жана жетишкендиктерибиз жөнүндө маалымат берип кетсениз анан талкуубузду улантабыз.

Роза Акназарова: Саламатсыздарбы. Баарыңыздарды илим майрамы менен куттуктайм. Кечээ күнү И.Арабаев атындагы университетте дагы ушул маселе боюнча жыйын болуп өттү.Абдан жакшы маселелер көтөрүлүп, жакшы ой-пикирлер айтылды. Өзүңүздөр билесиздер, 2004-жылы 4-сентябрда президент өкмөт башчыга рекомендация берип, ошол убакыттан бери Кыргызстанда илим күнү катары майрамдалып келет. 2011-жылдан бери Жогорку Окуу Жайлары текшерилип, кандай ката, жетишпестиктер деги эле кандай маселе бар экенин карап чыктык. Мына ушул 2014-жылдын 11-февралында азыркы учурда билимдин акыбалы кандай жана  келечеги, перспективасы боюнча коомдук угуу өткөрдүк. Бүгүнкү күндө докторлуктун орто жашы-60, кандидаттыкы-50 жаш. Ал эми, илимде 35 жашка чейинкилердин саны болгону 15 % гана түзүп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул жаштардын материалдык да, моралдык да жактан илимге стимулу жок болуп жатат. Эгерде илимди ушундай акыбалда калтырсак эмне болот? Өнүккөн мамлекеттер өнүгүп жатат, тек гана инновациялык жактан. Баардык тармактан илимге өзгөчө көңүл буруп, инновациянын негизинде иш жүргүзсөк, экономиканы жогору деңгээлде өнуктурүүгө жетебиз. Биздин мамлекетибизде илимге көбүрөөк көңүл буруубуз керек болуп жатат. Билим берүүдө да балдарга атайын өзүнчө бир методдорду колдонуу менен бирге балдарды кызыктырыш керек болуп жатат. Илимге көп көңүл бөлүп, маани берип карабасак мамлекетибиз өнүкпөйт. Ошондуктан мындай маселелерди көтөрүп чыгышыбыз керек. Илимдер академиясында жаштарды колдошубуз керек.

Модератор: Кандай кылганда илимди алдыга жылдыра алабыз?  Кыргыз Республикасында  20-23 жылдан бери же эгемендүүлүктү алгандан бери бир чоң илимий ачылыш болдубу? Улуттук Илимдер Академиясы коомчулукка кандай жардамдарды бере алды? Же биз жөн эле Академияны багып келатабызбы? — деген суроо көп учурда маселе жаратып келет. Эмне себептен Кыргызстанда башка  мамлекеттердегидей техно-парк жок? Бирок, биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Менимче Улуттук Илимдер Академиясынын келечеги бар. Кызыккан, күн-түн дебей иштеген, билимге умтулган  жаштар, жигиттер болот болуш керек.

Абдылдажан Акматалиев: Сиздерди өтүп кеткен илим күнү менен куттуктайм! Бизде быйыл өзүңүздөр күбө болуп жаткандай  УИАнын 60 жылдык мааракеси болуп жатат. Ошого карата Николай Лавёров(Россия Илимдер Академиясынын вице-президенти) баштаган делегация келгени жатат. Алар  өздөрүнүн фундаменталдык илим боюнча  кеңешин өткөрүшөт. Ошондо бизде 4 эстеликтин : Скрябин, Каракеев, Адышев, Ахунбаевдин эстеликтеринин бети ачылат… Ал эми илимдин жетишкендиктери туурасында салтанаттуу жыйында айтылат. Ошого арнап атайын көргөзмө уюштуруудабыз. “Миң уккандан бир көргөн артык” — деп ошол жерге келип көрсөңүздөр да болот. Эми чындыгында баардыгын эле айта беребиз эч нерсе жасалган жок, эч нерсе болгон жок деп. Чындыгында биринчиден каражат берилиш керек, шарт түзүлүш керек анан барып жылыш болот да. Биз жашаш үчүн гана айлык алып жатабыз. Мурдагыга салыштырмалуу азыр бизге жаштар көбүрөөк келип жатышат. Мурда жаштар келип, эптеп бир жумуш тапкычакты турушуп, анан жумуш тапкандан кийин кетип калышчу. Азыр болсо, илимге кызыгуу кеңири болуп жатат. Болбосо, айлыктары 5000-6000 сом, 3000 сомун батирине төлөгөнүнө карабай келип иштеп жатышат. Албетте, мындай көрүнүш бизди кубандырганы менен илимде да сапат жок жана билимде да сапат жок болуп жатпайбы. Сиздер туура айтып жатасыз, эмгек акысын көбөйтсө, бир жерде туруктуу иштеп, жыйынтык болмок.  Академияда 1900дөн ашык киши иштейт. Анын миңден ашыгы кызматкерлер. Академиктердин өздөрүнүн стипендия, пенсиялары бар. Алар жашайт, ал эми жаштар эмне кылат? Ошондуктан Акдемия академиктер үчүн эмес, жаш илимпоздор үчүн керек. Академиядагы көптөгөн доктор, академиктерибиз Жогорку Окуу Жайларында да иштешет. Менин оюмча, УИА координациялык борбор болуш керек эле. Мисалы техникалык, табигый илимдерди алсак, алар кантип эксперимент жасайт? Эмгек жасаганына карап биздин өкмөт ошого ылайыктап акча бериш керек. Маселен, Юдахиндин сөздүгү 1954-жылы чыккан, ошого бир да сөз кошпой, жаңылануу киргизбей, ошол эле боюнча басмаканадан жаңы кылып чыгарып, ошого ыраазы болуп келе жатабыз. Илим менен билим куштун эки канатындай бири-бири менен байланышып туруусу керек.

Модератор: Кыргызстандагы илимдин сапаты кандай?

Абдырахман Мавлянов: Биринчиден, сиздерге чон рахмат. Илим күнүнө карата тегерек стол өткөрүп жатканыңар үчүн. Көйгөйлүү маселелер абдан көп. 750дөй илимдин доктору, 3600дөй илимдин кандидаты бар азыркы күндө. Бүгүнкү күндө бизде илим саясатын алып бара турган бир да мекеме жок. Ушул бир кемчилик. Инновация таптакыр башка болуп жатпайбы? Тескерисинен илим менен инновация бир болуш керек. Ушул бир мекеме болуп калса баардыгыбыз утат элек. Экономика, энергетика, тоо-кен тармагы, агрардык сектор, ушулар преоритеттүү болгондой, биз да билимибизди ошол жакка бурушубуз керек эле. Азыркы учурда баардык институттар бар. Бирок, сурай турган эч ким жок болуп жатпайбы. Жаңы специальностторду ачып жатабыз. Экологиялык укук, эл аралык укук деген кесип жок экен бизде. Бизде жок, бирок өзүбүзгө керек жаңы адистиктерди ачышыбыз керек… ЖАКта жалпы электрондук системага өтүп жатабыз. Атайын ошону киргиздик. Ушунун негизинде электрондук архивди түзүп  бүттүк. Илимдин докторлорунун орто жашы-56 жаш, кандидаттардыкы-41 жаш. Баардык тармактарды электрондук архивке киргиздик. Андан тышкары онлайн режиминде жактайлы деп жатабыз. Тажиктер менен мамлекеттер аралык кеңеш түздүк. Бул тажиктерге да, бизге да пайдалуу. Албетте, изилдөөдө каражат чоң роль ойнойт. Каражатсыз изилдөө жүргүзүүгө эч мүмкүн эмес. Мындай маселелерди тез арада чечишибиз керек.

Үмүт Асанова: Ушул маселени туура коюптурсуздар. Өлкөдөгү азыркы эн бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. УИАны жоёбуз дегенде ага болгон реацияларды да угуп жатабыз. Мен дагы жети жыл ошол Академияда иштедим. Альберт Энштейн айткандай “илим деген таң берүүдөн башталат”, чындыгында илим таң берүүдөн башталат. Инсандык чон сапат болмойунча илим баркталбайт. Платон айткандай бир идеалдуу нерсени түзүшүбүз керек. Билим берүүнү жана илимди бир бүтүндүк катары карашыбыз керек. Идеалдуу нерсени түзүп, аны максатка жетүү катары көрүшүбүз керек. Билим берүүдө каражат жок деп отура бербестен, бир айласын табышыбыз керек.  Стратегия, модельдерди түзүп, изденишибиз керек…

Дагы бир маселе — тил маселеси. Тил болмойунча мына ушундай глобалдык маселе кайдан пайда  болмок эле? Бул идея эн жакшы идея деп саналат. Тил маселесин кантип көтөрүп чыгышыбыз керек? Бул маселени бир нерсеге жетем деген адам эле баштабаса, башка жолу жок болуп калды го… Англис тилин үйрөнүшүбүз керек. Биз англис тилин үйрөнбөсөк эч качан алдыга жылып, өнүгө албайбыз.  Ушул тил маселеси законго кирип, мыйзамдаштырыла элек. Экинчиден дагы бир маселе,кээ бир адамдар  30-40 жылдан бери иштеп келип илимдин доктору болсо, азыркы учурда жапжаш эле жаштарыбыз бат эле өздөрүнүн иштерин жактай коюшуп тез арада эле илимдин доктору болуп калып жатышат. 30-40 жыл иштеген адам деле, тиги адам деле доктор. Бирок экөөнун айырмасы асман менен жердей да.

Модератор: Абубакир агай,  сиз да илим көйгөйлөрүнөн кеп козгосонуз?

Абубакир Жураев: Урматтуу кесиптештер, сиздерди илим күнү майрамыныздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Бул майрам быйыл 13-жолу өткөрүп жатат. Менин оюмча, 13 деген абдан жакшы сан. УИАны  ачуу же жабуу маселеси абдан көйгөйлүү болуп кетти. Бирөө ач десе, бирөө жап дейт, деги эле ар кандай сунуштар болуп жатат. Ошондуктан, эски үйдү бузуп, жаңы үй салабыз деп жаанда калып кетпейли деген оюубуз бар да. Академиябызды сактап туруп, эволюциялык жол менен кыргыз моделин түзгөнгө аракеттенишибиз керек. Бул моделди түзгөнгө негизинен  чет элде стандарт болгон университеттерде тарыхый өзгөчөлүгү бар, борборлошуп калганын эске алып министрлик тараптан уюштурушубуз керек. Мисалы, травматология бөлүмүндө жаңы добуш системасын пайдаланып, оорулулардын ал жакта жатуусу эки эсе кыскарды. Бул Кыргызстан үчүн кандай гана пайдалуу! Биз Америка же Японияга тең келе албайбыз, алардын базасы күчтүү. Кыргызстанда илимге болгону  400 млн.сом гана бөлүнөт. Ички дүң продукциянын(ИДП) 0,095% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө ИДПнын орточо 2,5-3 %, Израилде 4% бөлүнөт.  2007-2009-жылдары мамлекетти өнүктүрүү боюнча президенттин указы болгон. Ошол жерде кандай жаңы технологияларды колдонуу менен мамлекетти көтөрө алабыз деген маселе  көрсөтүлгөн.  2009-2010-жылы мамлекетти өнүктүрүү стратегиясы дагы президенттин указы менен бекитилген. Бирок, эки указ тең  илимий багыт боюнча аткарылбай келген. Биздин өлкөдө өнүгүү болбой эле артка кетип жатпайбызбы. Илимди реформалоо деген президенттин сунушун көбүбүз туура эмес түшүнүп алып жатабыз. Илимди эмес,илимди башкарууну же илимди каржылоону реформалоо керек. Ошого кобуроок көңул буруп, мындан ары да баардыгыбыз “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” дегендей агайлар менен бирге чоң бир кемени алдыга сүрөйбүз деген үмүтүбүз бар.

Санжар Кудайбердиев: Биринчиден, мага ушундай чогулуштарга катышуума уруксат бергендигиңиздер үчүн чон рахмат. Экинчиден, мага өтө пайдалуу, маанилүү нерселерди уктум бул жерден. Кыргызстанда билим берүүдө жана илимде ушундай кыймылдар болгону мени абдан кубандырат. Өзүм жөнүндө айтып кетсем, мен үч мамлекетте иштедим. Эми алар Кыргызстанга салыштырмалуу дөө болуп калат. Биз андай чоң мамлекеттер менен жарыша албайбыз. Мага жаккан өлкө Кыргызстанга окшош кичинекей  Словения өлкөсү болду. Калкынын саны 3 млн. Словения кыска убакытта тез өнүгүп кеткен өлкө экен. Ал жак бизге окшош тоолуу өлкө болгондуктан темир-жолго көбүрөөк басым жасашкан. Ошол темир-жолдор жасалгандан кийин экономика өзүнөн-өзү алдыга жылып кеткен. Анан дагы алар вино жасаган тармагын да жакшы иштетип кетишкен. Биз да өзүбүздүн артыкчылыктарыбызды аныктап туруп, анан ошого карап аракет кылышыбыз керек. Чет өлкөдө окуп жургөн балдар же жаштар менен сүйлөшүп калып, качан Кыргызстанга кайтасын десең, алар бутума туруп, өзүмө шарт тузуп алгандан кийин гана кайтам дешет. Эгерде Кыргызстан аларга шарт тузуп берсе алар эртең эле өз өлкөбүзгө кайтып келишет. Үмүт эже чет тил боюнча маселе козгоп кетти. Үмүт эже, сиз айткандардын баарын  колдойм. Менин оюмча бизге окшогон өлкөлөр чон илимий ачылыш кылбаса деле болот,кылаарына ишеним жок.Бирок, кадрдык ресурсубузду туура колдонуп, аларга шарт түзүп, инновацияларды жасап турсак өнүгө алабыз.

Уланбек Мамбетакунов: Чон рахмат. Баардыгыныздарды илим күнү менен куттуктайм! Сиздер айткандай илимге кызыгуу мектептен башталыш керек. Бирок, тилекке каршы мектепте илимге кызыга турган жаштар жок. Баардыгы экономист, юрист, артист же бизнесмен болгулары келет. Себеби, телевизордон көргөндөрү ошолор болуп жатпайбы. 2008-жылы “Жаш Окумуштуулар” кенешин ачканбыз. 2009-жылы окуу жайдын жаш мугалимдерине сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоонун жыйынтыгында 23% гана өз кесибин улантууну көздөгөндөр түзгөн. Калгандары кандидаттык дисертациясын жактап, башка жакка кетүүнү көздөгөндөр болгон. Азыркы күнгө чейин бул маселелер актуалдуу болуп келет. Макала чыгаруу да маселе жаратып келет. Бекер макала чыгаруу демилгесин окуу жайлар көтөрүп чыгышса деген оюм бар. Себеби мындай демилге БФЭА тарабынан ишке ашып келе жатат. Чындыгында билим жана инновация бирге, чогуу болушу керек. Ошондой эле чет тилдерин да өнүктүрүшүбүз керек.

Батма Кошбакова: Чакыргыныныздар үчүн чон рахмат. Илим күнүңөр менен куттуктап, айтылып кеткен орчундуу маселерге кошулуп, өзүмдүн атымдан 2-3 маселени көтөрүүнү туура көрөм. Жогорку Окуу Жайларында кандай денгээлде жаштарга мотивация берилип жатат?  Университеттерге моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан да колдоо керек болот. Командировка маселесин да карай кетсек. Кээ бир жаш илимпоздор илимий конференция сыяктуу командировкага бараарда материалдык жактан камсыздалбай, өз чөнтөгүнөн чыгарууга мажбур болушат. Коомдун өнүгүүсү бул- илимий жактан башкаруу, өнүгүү болуп саналат. Илимий иштер жок деп айтканга болбойт, бар. Бирок, ошол илимий иштер канчалык денгээлде иш жүзүндө колдонулуп жатат? Көп эле илимий, социалдык иликтөөлөрдү көрөм. Бирок, бир да мамлекеттик орган жетекчиси  ошого таянып, иш жүзүндө колдонгонун көргөн эмесмин. Тил маселесине да кайрыла кетсем, ЖОЖдордо англис тилди гана эмес, кыргыз тилин да өнүктүрүү керек. Кыргыз тили да, англис тили да бирдей өтүлсө жакшы болмок. Акыркы бир маселе, мурдакы магистранттар менен азыркы магистранттардын деңгээли теңби же тең эмеспи?…

3 комментария

  • Тажиева Кыял Мураскер:

    Илим изилдоодо мамлекет тарабынан каражат болунбогонунун бир себеби илим тармагында актуалдуу темадагы диссертациялардын жазылбай жатышы, изилдоо иштери коомдун учурда пайдасы жок болуп, бир гана личносттун кызматтык даражасына кызмат кылып, жазылган диссертациялар билим беруудо колдонулбай архивде гана тургандыгында.
    Айткан соз акыл болсо, уккан кулак макул болот.

  • Тагайбек Омурзаков:

    Эч кандай айырмачылыгы жок анткени азыркы магистраннтар менен мурунку магистраннтар айырмасын корбодум,Кыргызстанда азыркы билим менен илимдин,абалы озгоргон жок мурун кандай болсо ошол бойдон эле жогору эмес же Томон эмес кандай болсо ошол бойдон эле бир темпте турат

  • Тагайбек Омурзаков:

    Ушул эле учурда Кыргызстанда эч кандай билимдин жогоорулаганы же томондоп кеткени билинген жок бул менин жеке сиздерге тере ыраазычылыгымды билдирем

Добавить комментарий